Ассоциациянын кеңсесинде «мөңгү — суу сактагыч — фермер» системасында жасалма мөңгүлөрдү түзүү боюнча ФАО долбоорунун эксперттеринин үчүнчү жолугушуусу болуп өттү.

Ассоциациянын кеңсесинде ФАО Кыргызстандын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «„Мөңгү — суу сактагыч — фермер“ системасында жасалма мөңгүлөрдү түзүү боюнча жетекчилик документти иштеп чыгуу» долбоорунун алкагында эксперттердин үчүнчү жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар техникалык элементтерди орнотуу долбоорун талкуулап, материалдарды тандоого жана системанын ишенимдүүлүгүнө көңүл бурушту. Ошондой эле технологияны практикада колдонууга багытталган жетекчилик документтин мазмуну каралды.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча эксперттер документтин кийинки версиясын даярдоодо эске алынуучу оңдоолорду сунушташты.