Баткен облусунун Сумбула айылында, Лейлек токой чарбасынын аймагында жасалма мөңгү түзүү боюнча практикалык иштер жүргүзүлүүдө. Иш-чара Кыргызстандын Токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы (АЛЗК) тарабынан БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жасалма мөңгү – Суу сактагыч – Фермер» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылууда.

Бул демилге жасалма мөңгүлөрдү түзүү жана «Жасалма мөңгү – Суу сактагыч – Фермер» системасын киргизүү боюнча иштелип чыккан Жетектөөчү документтин практикалык уландысы болуп саналат.

Документ Кыргызстандын тоолуу аймактарынын климаттык жана жаратылыш-географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен суу ресурстарын топтоо, сактоо жана сарамжалдуу пайдаланууга комплекстүү мамилени сунуштайт.

Технологиянын негизинде кыш мезгилинде сууну жасалма мөңгү түрүндө топтоп, жаз-жай мезгилинде эриген сууну айыл чарбасынын керектөөлөрү үчүн пайдалануу каралган.

Сумбула айылында пилоттук иш-чараны ишке ашыруу сунушталган техникалык чечимдердин натыйжалуулугун практика жүзүндө баалоого, тажрыйба топтоого жана технологияны Кыргыз Республикасынын башка аймактарында мындан ары өркүндөтүү жана масштабдуу киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Жетектөөчү документти иштеп чыгуудан аны практикада колдонууга. Инновациялык идеядан суу ресурстарын туруктуу башкаруунун реалдуу чечимине!