DMSOP долбоорунун алкагында курулган заманбап муздаткыч-логистикалык комплекс 18-июлда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында расмий түрдө ачылды.
DMSOP долбоорунун алкагында курулган, Шок тоңдуруу технологиясы менен жабдылган заманбап муздаткыч-логистикалык комплекс Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 18-июлда расмий түрдө ачылды.
Бул жөн гана жаңы инфраструктуралык объект эмес, айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү боюнча заманбап системаны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Комплекс түшүмдү сактоого, продукциянын сапатын жогорулатууга жана дыйкандар, кооперативдер жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин директору Жанара Бакирова, Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов, ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдыев жана Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын башкы директору Айткул Бурханов катышты.
Жаңы комплекс төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт:
— түшүмдү сактоого жана жыйноодон кийинки жоготууларды азайтууга;
— заманбап шок тоңдурууну жана продукцияны узак мөөнөткө сапаттуу сактоону камсыз кылууга;
— айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кирешесин көбөйтүүгө;
— продукцияны жергиликтүү рыноктон эл аралык рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө;
— жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айылдык жамааттардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө.
Комплекстин ачылышы кошумча нарк чынжырларын туруктуу өнүктүрүүгө, кыргыз продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.