ЕЭК БУУнун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы табиятка негизделген чечимдердин артыкчылыктары» долбоорунун демонстрациялык участогуна иш сапар болуп өттү.
«Кыргызстандагы табиятка негизделген чечимдердин артыкчылыктары» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында жайгашкан демонстрациялык участокко таанышуу иш сапары болуп өттү. Долбоор БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) колдоосу менен ишке ашырылууда.
Демонстрациялык участокко БУУ ЕЭКтин Суу боюнча конвенциясынын Катчылыгынын Суу ресурстары боюнча Улуттук саясий диалогдор программасынын жетекчиси Тамара Кутонова жана Кыргыз Республикасындагы IKI Nexus долбоорунун улуттук координатору Наргиза Осмонова барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар суу коопсуздугун чыңдоого, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга багытталган жаратылышка негизделген чечимдердин практикалык ишке ашырылышы менен таанышышты. Өзгөчө көңүл суу ресурстарын топтоонун жана суу менен камсыз кылуунун инновациялык ыкмасы катары жасалма мөңгүнү, ошондой эле агротокой чарбачылыгынын ыкмаларын колдонуу тажрыйбасын көрсөтүүгө бурулду.