Ассоциациянын кеңсесинде ФАО долбоорунун эксперттик жумушчу тобунун жыйыны өттү: эксперттер жасалма мөңгүлөрдү түзүү жана «Жасалма мөңгү — суу сактагыч — тамчылатып сугаруу системасы менен фермер» интеграцияланган системасын киргизүү боюнча Жетекчилик документти карап чыгып, жактырышты.

Бүгүн, 2026-жылдын 30-апрелинде, Ассоциациянын кеңсесинде ФАОнун «Жасалма мөңгүлөрдү түзүү потенциалын жана „Жасалма мөңгү — суу сактагыч — фермер“ жаңы системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эксперттик жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Катышуучуларга жасалма мөңгүлөрдү түзүү жана «Жасалма мөңгү — Суу сактагыч — Тамчылатып сугаруу системасы менен фермер» интеграцияланган системасын киргизүү боюнча Жетекчилик документтин иштелип чыккан версиясы сунушталды.

Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү документтин негизги жоболорун талкуулап, ишке ашыруунун техникалык жана практикалык жактарын карап чыгып, документти жактырышты.