БУУнун ЕЭК «Кыргызстандагы табиятка багытталган чечимдердин артыкчылыктары» долбоорунун демонстрациялык аянтчасында Ат-Башы районунда жүндүн негизиндеги органикалык жер семирткичтердин жардамы менен бузулган жайыттарды калыбына келтирүү иштери башталды.
«Кыргызстандагы табиятка багытталган чечимдердин артыкчылыктары» долбоорунун экинчи демонстрациялык аянтчасында БУУнун ЕЭК колдоосу менен Ат-Башы районунда адистер аймакты кеңири өлчөө жана комплекстүү иликтөө жүргүзүштү, ошондой эле жергиликтүү «КАНАТО» ЖЧКсы өндүргөн жүндүн негизиндеги органикалык жер семирткичти киргизүү үчүн топуракты даярдоого киришти.
Бул табиятка багытталган чечим ашыкча жайылуудан жана климаттын өзгөрүшүнөн жабыркаган бузулган жайыттарды калыбына келтирүүгө багытталган. Жүндүн негизиндеги органикалык жер семирткичтерди колдонуу топурактын абалын жакшыртат, жайыттардын түшүмдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатат, ошону менен бирге эрозияны азайтууга, тоют базасын бекемдөөгө жана фермерлерди, аялдарды жана жаштарды жайыттарды туруктуу башкарууга активдүү тартууга өбөлгө түзөт.