14-июлдан 16-июлга чейин Жаш жайыт пайдалануучулардын эл аралык жайкы мектебинин — 2026 катышуучуларынын бир тобу кооз Суусамыр жайлоосуна барды.

14-июлунан тартып 16-на чейин 2026-Жаш жайыт пайдалануучулардын эл аралык жайкы мектебинин алкагында катышуучулардын бир тобу жайыттарды туруктуу башкаруунун жана салттуу мал чарбачылыгынын практикалык тажрыйбасы менен таанышуу максатында кооз Суусамыр жайлоосуна барышты.
Талаа сапарынын жүрүшүндө катышуучулар:
— жергиликтүү малчылардын жашоо-турмушу жана чарба жүргүзүү тажрыйбасы менен таанышышты;
— Эл аралык жер коалициясынын (ILC) жана Улуттук жер коалициясынын (NLC) эксперттери өткөргөн жумушчу сессияларга жана талкууларга катышышты;
— жайыттарды туруктуу башкаруунун салттуу жана заманбап ыкмалары менен таанышышты;
— чакан топтордо пикир алышып, жайыттарды туруктуу пайдаланууну өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.
Практикалык окутууга дагы өзгөчө көңүл бурулду. Жаш жайыт пайдалануучулар салттуу мал чарбачылыгынын ыкмаларын өз көзү менен көрүп, талаа иштерине активдүү катышышты. Кечкисин алар от жанында бейформал шартта жолугушуп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен пикир алмашып, кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Бул талаа сапарынын жүрүшүндө катышуучулар жаңы билимге гана ээ болбостон, жайыттарды туруктуу башкаруунун принциптери Кыргызстанда иш жүзүндө кандайча ийгиликтүү колдонулуп жатканын өз көздөрү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.