Ботаникалык көз караштан алганда, биз айтып үйрөнгөн «грек жаңгагы» Juglandaceae (жаңгактар) тукумунун Juglans уруусуна кирген Juglans regia L. түрү болуп эсептелет.
Juglans regia (адатта Juglans regia L. түрүндө жазылат) — бул жаңгактын эл аралык илимий (латынча) аталышы.
Өсүмдүктөрдүн мындай бинардык аталышы (эки сөздөн турган) 1750-жылдары швед окумуштуусу Карл Линней тарабынан киргизилип, биринчи сөзү ал өсүмдүктүн уруусун, ал эми экинчи сөзү ошол түрдүн атын билдирет.
Латынча аталышы эмнени билдирет
Ал эми кайрадан жаңгакка келсек, анын аталышынын бинардык ботаникалык термини латын тилинен төмөнкүчө которулат:
- Juglans (уруунун аталышы) — латынча Jovis glans деген сөздөн келип чыккан, ал «Юпитердин жаңгагы» же «кудайлардын жаңгагы» дегенди билдирет (Юпитер — байыркы римдиктердин башкы кудайы).
- regia (түрдүн белгиси) — латынча regius деген сөздөн алынган, ал «падышалык», «улуу» же «падышага таандык» дегенди билдирет.
Ошентип, толук илимий аталышын түз которгондо «Падыша, кудай жаңгагы» же «Падыша жаңгагы» деген маанини берет.
Ботаникалык систематикада бул термин Juglans regia дүйнө жүзү боюнча улуттардын кайсыл тилде сүйлөгөнүнө жана аны аташына карабастан бир гана өсүмдүк түрүн, тактап айтканда биз айтып үйрөнгөн «грек жаңгагын» так белгилөө үчүн бирдиктүү стандарт катары колдонулат.
Тарыхый жана элдик аталыштар
Жаңгак тууралуу алгачкы маалыматтар байыркы грек философу жана табият таануучусу Теофрасттын эмгектеринде кездешет, анда ал «перс жаңгагы» деген аталыш менен эскерилет.
Ар кайсы өлкөлөрдө Juglans regia L. түрү ар кандай элдик жана тарыхый калыптанган аталыштарга ээ. Алардын арасында «перс жаңгагы», «падыша жаңгагы», «англис жаңгагы», «чили жаңгагы», ошондой эле «чыныгы жаңгак», «кадимки жаңгак» жана башка аталыштарды кездештирүүгө болот.
«Грек жаңгагы» деген аталыш кайдан чыккан
Россияда азыркы «грек жаңгагы» деген аталыш алгач «волош жаңгагы» (волошский орех) деп аталып келген. «Волох» (волошский) деген аталыш байыркы орустарда Волошия деп аталган, азыркы Румыниянын аймагында жайгашкан тарыхый область — Валахия менен байланыштуу деп эсептелет. Мындай аталыш, кыязы, жаңгактардын Орусия аймагына ошол жактан алынып келинишине байланыштуу болгон.
Кийинчерээк жаңгактын «грек жаңгагы» деген аталышы соода-сатыкта олуттуу роль ойногон грек соодагерлери менен байланыштырыла баштаган.
Ал эми Орусияда эки түрдүү аталып келген «волошский орех» жана «грецкий орех» деген аталыштар бир эле ботаникалык түргө — Juglans regia L. түрүнө таандык жана ал В. И. Далдын «Толковый словарь живого великорусского языка» жана «Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона» эмгектери тарабынан ырасталат.
«Грецкий орех» аталышы кийинчерээк орус тилинде кеңири тарап, бир катар постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да сакталып калган.
Ошентип, «грек жаңгагы» деген аталыш бул түрдүн келип чыгышы Грецияга таандык экенин билдирбейт.
Илимий жана элдик аталышты айырмалоо
Ошол эле учурда өсүмдүктүн илимий жана элдик аталышын бири-биринен айырмалоо зарыл. Жогоруда белгиленгендей, бул түрдүн эл аралык илимий аталышы — Juglans regia L. — жалпы кабыл алынган бинардык ботаникалык аталыш болуп саналат. Ал эми улуттук, жергиликтүү аталыштары ар түрдүүчө болушу мүмкүн: «кыргыз жаңгагы», «кыргыз жаңагы» ж.у.с.
Буга мисал катары төмөнкү аталыштарды алууга болот:
- Salix babylonica — орусча «ива плакучая», кыргызча «мажүрүм тал»
- Populus pyramidalis — орусча «тополь пирамидальный», кыргызча «мырза терек»
- Sorbus persica — орусча «рябина персидская», кыргызча «алма четин»
- Abies semenovii — орусча «пихта Семёнова», кыргызча «ак карагай»
Ошондуктан «Кыргыз жаңгагы» деген сөз айкашы Juglans regia L. түрүнүн улуттук, жергиликтүү аталышы катары каралышы керек, ал эми «брендге, маркетингге» келе турган болсок, ал сөзсүз түрдө «Кыргыз жаңгагы» деп чыгышы керек жана ага эч ким тоскоолдук кыла албайт.