Ассоциациянын эл аралык кызматташтыгынын жыйынтыктары тууралуу баяндоону улантабыз. Жумушчу сапардын алкагында Улан-Батор шаарында Ассоциация Монголиянын уюмдары менен органикалык өндүрүштү, туруктуу айыл жана токой чарбасын өнүктүрүүгө, ошондой эле жашыл технологияларды киргизүүгө багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Маанилүү жыйынтыктардын бири, 2026-жылдын 29-30-августунда өткөн III Central Asian Organic Forum алкагында Ассоциация, Monpellets LLC жана Share Mongolia NGO ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлушу болду.

Тараптар койдун жүнүнөн органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, жүн секторун өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, эл аралык стажировкаларды уюштуруу жана жаңы технологияларды Кыргызстанда киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө багыттарында кызматташууга макулдашышты.

Ассоциация үчүн бул жашыл кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүүгө, айылдык жамааттарды колдоого жана Ассоциациянын мүчөлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам.