2026-жылдын 8-октябрында Кыргызстан токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар ассоциациясы менен К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Документ айыл чарба жана токой чарбасы, органикалык өндүрүш, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багыттарында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Кызматташуунун алкагында тараптар биргелешкен долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү ишке ашырууну, билим берүү программаларын өнүктүрүүнү, семинарларды, практикалык сабактарды жана студенттер үчүн стажировкаларды өткөрүүнү, ошондой эле илим, билим берүү жана практиканын ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөнү пландашууда.

Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү жана жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн билимди, тажрыйбаны жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктиребиз.

Жолугушуунун соңунда студенттер үчүн таанып-билүүчү викторина өткөрүлүп, эң активдүү жана өзгөчөлөнгөн катышуучуларга эстелик белектер тапшырылды.