III Борбор Азиялык органикалык форумга жана Улан-Батор шаарында өткөн Expo 2026 көргөзмөсүнө катышуунун алкагында Монголиянын Токой кызматы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

III Борбор Азиялык органикалык форумга жана Улан-Батор шаарында өткөн Expo 2026 көргөзмөсүнө катышуунун алкагында Монголиянын Токой кызматы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум токойлорду туруктуу башкаруу, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана практикалык тажрыйба алмашуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Кызматташтыкка өзгөчө маани берип жаткан багыттардын бири Монголиянын «Бир миллиард дарак» (One Billion Trees) мамлекеттик программасы. Бул масштабдуу демилге токой аянттарын көбөйтүүгө, экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана жерлердин деградациясына каршы күрөшүүгө багытталган.