Кыргызстандын токай жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы менен КР ӨКМнин алдындагы Токай кызматы токай ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Кыргызстандын токай жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы менен Кыргыз Республикасынын ӨКМнин алдындагы Токай кызматынын ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке Ассоциациянын башкы директору Айткул Бурханов жана КР ӨКМнин алдындагы Токай кызматынын директору Нургазы Чодоев кол коюшту.
Кызматташтык токай ресурстарын туруктуу башкарууну өнүктүрүүгө, мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгүн бекемдөөгө, ошондой эле «жашыл» экономиканы илгерилетүүгө багытталган. Артыкчылыктардын катарында — кошумча нарктын чынжырларын өнүктүрүү, жергиликтүү жамааттарды колдоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу.
Тараптар ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтип, токай секторуна инвестицияларды тартууну көздөшөт.