Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы эл аралык Agroecology Coalition коалициясынын мүчөсү болду.
Кыргызстан токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы Агроэкология коалициясынын (Agroecology Coalition) мүчөсү болду!
Эл аралык коомчулукка кошулуу тажрыйба алмашууга, туруктуу жер пайдаланууну өнүктүрүүгө, агроэкологиялык ыкмаларды жайылтууга жана жаратылыш ресурстарын сактоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Дүйнөлүк өнөктөштөр менен биргеликте биз туруктуу азык-түлүк системаларын чыңдоо, жергиликтүү жамааттарды колдоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытындагы иштерибизди улантабыз.
Туруктуу келечек үчүн бирге!