Эл аралык жайыттар жана жайыт малчылары жылынын алкагында Кыргызстанда жаш жайыт пайдалануучулардын региондор аралык жайкы мектеби расмий түрдө старт алды.
Бүгүн Кыргызстанда Эл аралык жайыттар жана жайыт малчылары жылы алкагында Жаш жайыт пайдалануучулардын региондор аралык жайкы мектеби старт алды!
Азия, Африка өлкөлөрүнөн жана Кыргызстандын ар кайсыл аймагынан келген 50дөн ашуун жаш жайыт коомчулугунун лидерлерин бириктирген региондор аралык жайкы мектептин бүгүн Кыргызстанда расмий ачылышы өттү.
Кыргызстан, Индия, Индонезия, Германия, Кения, Сомали, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдүн катышуучулары бир жума бою тажрыйба алмашып, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүп, жайыттарды туруктуу башкаруунун заманбап ыкмаларын үйрөнүшөт.
Мектеп 13-18-июль аралыгында Бишкекте, Суусамырда, Ысык-Көлдө жана Сон-Көлдө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO), Эл аралык жер коалициясы жана Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын колдоосу менен өтөт.
Мектепте, ФАОнун Жашыл климаттык фонд тарабынан каржыланган CS FOR долбоорунун пилоттук аймактарынан келген Жаратылышты башкаруу жамааттык топторунун жаш өкүлдөрү да катышууда. Алар азыркы учурда жайыттарды калыбына келтирүүгө, мониторинг жүргүзүүгө жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга салым кошуп, ыктыярчы катары долбоордо эмгектенүүдө.
Эртең баштала турчу талаа окутууларында катышуучулар Кыргызстандын малчыларынын салттуу билими менен таанышып, жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү ыкмаларын, ошондой эле GPS-мониторинг жана Open Foris технологиялары сыяктуу заманбап санариптик чечимдерди үйрөнүшөт.
Жайыттар биоартүрдүүлүктү сактоодо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууда жана айылдык жамааттарды колдоодо маанилүү роль ойнойт.