2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин Кыргызстанда «Токой чарбасын өнүктүрүү» аттуу квалификацияны жогорулатуу программасы стажировка формасында өткөрүлдү.
2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин Кыргызстанда «Токой чарбасын өнүктүрүү» аттуу квалификацияны жогорулатуу программасы стажировка формасында өткөрүлдү.
Программа Россия Федерациясынын Кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча автономдуу федералдык мекемесинин «Токой чарбасы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институту» (ФАУ ДПО ИПКЛХ), Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматы жана Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы (АЛЗК) тарабынан биргеликте уюштурулду.
Программанын алкагында катышуучулар токойлорду башкаруу, токой саясаты, токойлорду калыбына келтирүү жана өстүрүү, токойду жайгаштыруу, санариптештирүү жана токойлорду коргоо багыттарында тажрыйба алмашышты. Ошондой эле токой тармагындагы кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана токой чарбасын уюштуруунун заманбап ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Стажировканын маанилүү бөлүгү Ысык-Көл жана Чүй токой чарбаларына уюштурулган талаа сапарлары болду. Катышуучулар бул сапарлардын жүрүшүндө Кыргызстандагы токой чарбаларынын ишмердүүлүгүнүн практикалык аспектилери менен таанышты.
Мындан тышкары, ФАУ ДПО ИПКЛХнын эксперттери тарабынан токойлорду башкаруу, токой пайдалануу, жаратылыш өрттөрүнүн алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү, токой өсүмдүктөрүн кыюу, токойлорду кайра калыбына келтирүү жана санитардык коопсуздук маселелери боюнча окуу сабактары өткөрүлдү.
Программа Кыргызстандын жана Россиянын токой тармагынын адистери үчүн кесиптик диалогду жүргүзүүгө, тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкты чыңдоого маанилүү аянтча болуп берди.
Стажировканын жыйынтыгында катышуучулар аралык жана жыйынтыктоочу аттестациядан өтүп, окуудан өткөндүгүн тастыктаган тиешелүү документтерге ээ болушту.