18-сентябрда DMSOP долбоорунун алкагында Лейлек районунда Лейлек токой чарбасынын жана «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.
18-сентябрда DMSOP долбоорунун алкагында Лейлек районунда Лейлек токой чарбасынын жана «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө DMSOP долбоорунун ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү, туруктуу токой жана айыл чарбасын өнүктүрүү, жергиликтүү продукцияны илгерилетүү жана жергиликтүү ишкерлерди колдоо маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл мындан аркы кызматташтыктын келечегине, ошондой эле аймактын жаратылыш жана экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдаланууга бурулду.
2026-жылдын 19-сентябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагында DMSOP долбоорунун алкагында социалдык жактан колдоо алган бенефициарлар жана жергиликтүү ишкерлер үчүн маалыматтык-консультациялык иш-чара өткөрүлдү. Долбоордун түштүк аймактар боюнча адиси Мурзакулов Мирлан тарабынан:
теплицаны туура пайдалануу;
айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү;
чакан ишкердикти өнүктүрүү;
өндүрүлгөн продукциядан киреше алуу жана рынокко чыгаруу боюнча кеңештер берилди.
Иш-чаранын негизги максаты - бенефициарлардын теплицаларды натыйжалуу пайдалануусуна көмөк көрсөтүү жана туруктуу киреше алып келүүчү чакан ишкердикти өнүктүрүүгө багыт берүү.
Долбоордун алкагында көрсөтүлүп жаткан консультациялык колдоо жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Лейлек районунда «Мол Түшүм» кооперативинин мүчөлөрү жана жергиликтүү ишкерлер үчүн маалыматтык-консультациялык жолугушуулар өткөрүлдү. Негизги көңүл DMSOP долбоорунун мүмкүнчүлүктөрүнө жана жергиликтүү бизнести өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө бурулду. Долбоор Кыргызстандын аймактарында туруктуу айыл жана токой чарбасын, органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган иштерин улантууда.