30-июнда DMSOP долбоорунун алкагында токойдун жыгач эмес продукцияларынын кластерлерин өнүктүрүү боюнча Координациялык-башкаруу кеңешинин биринчи отуруму өттү.

30-июнда DMSOP долбоорунун алкагында токойдун жыгач эмес продукцияларынын кластерлерин өнүктүрүү боюнча Координациялык-башкаруу кеңешинин биринчи отуруму өттү.
Отурумда Кыргыз Республикасында кластерлеринин учурдагы абалы жана өнүгүү келечектери талкууланып, тармакты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Алардын негизгилери:
— токойдун жыгач эмес продукцияларынын кластерлерин өнүктүрүүнүн 2035-жылга чейинки концепциясын иштеп чыгуу;
— 2026-2030-жылдарга карата Жол картасын даярдоо;
— жаңгак, мисте, бадам, жапайы мөмөлөр, дары өсүмдүктөрү, бал жана башка багыттар боюнча пилоттук кластерлерди түзүү;
— инвестициялык долбоорлорду жана инфраструктуралык демилгелерди өнүктүрүү;
— мамлекеттик органдарды, бизнес чөйрөсүн, илимди, эл аралык өнөктөштөрдү жана инвесторлорду бириктирген өнөктөштүк платформаны түзүү.
Бул демилгелер продукциянын кошумча наркын жогорулатууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана токой ресурстарын туруктуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.
Катышуучуларга конструктивдүү иши жана аталган тармакта кластердик ыкманы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.