2026-жылдын 8–11-апрелинде DMSOP долбоорунун пилоттук райондорунда старт топтомдорун алуучу боло турган аярлуу үй чарбаларын аныктоо үчүн маалымат чогултулду.

2026-жылдын 8-апрелинен 11-апрелине чейин DMSOP долбоорунун Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы пилоттук райондорунда старт топтомдорун алуучу потенциалдуу боло турган аярлуу үй чарбаларын аныктоо үчүн маалымат чогултуу жүргүзүлдү. Кирешеси төмөн үй-бүлөлөргө жана аялдар башында турган үй чарбаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта өткөрүлдү.

Окшош иштер башка пилоттук райондордо да жүрүп жатат: маалыматтар чогултулуп, алуучулардын алдын ала тизмеси түзүлүүдө.