12-июнда БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы жаратылышка негизделген чечимдердин артыкчылыктары» долбоорунун алкагында БУУ ЕЭКтин өкүлү Александр Белокуровдун катышуусунда Ат-Башы районундагы демонстрациялык тилкелерге көчмө сапар уюштурулду.
Тилкелерде жүндөн жасалган органикалык жер семирткичтерди колдонууга негизделген жаратылышка негизделген чечимдер көрсөтүлдү — @kanato_infinitely_eco_. Бул технология топурактын асылдуулугун жогорулатууга, нымдуулукту сактоого жана Кыргызстандын тоолуу аймактарында айыл чарбасын туруктуу жүргүзүү ыкмаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.