10-сентябрда Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы Алматы шаарында өткөн «Трансчекаралык фитосанитардык коркунучтар» аттуу семинарга катышты.
10-сентябрда Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы Алматы шаарында өткөн «Трансчекаралык фитосанитардык коркунучтар» аттуу семинарга катышты. Семинар Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан келген эксперттерди бир аянтчага чогултуп, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин, мониторинг, диагностика жана фитосанитардык тобокелдиктерди баалоо жаатында тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.
Семинардын алкагында кызматташтык жана биргелешкен иш алып баруу жөнүндө төрт тараптуу Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Меморандумдун тараптары:
«Улуттук агрардык илимий-билим берүү борбору» КЕАК
Ж. Жиембаев атындагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча казак илимий-изилдөө институту
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти
Кыргызстандын Токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүп, кесипкөй тажрыйбаны бириктирүү аркылуу өсүмдүктөрдү коргоону күчөтүүгө жана аймактагы айыл чарбасынын туруктуулугун жогорулатууга салым кошобуз.