Ассоциациянын командасы CS-FOR долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан токойлорду туруктуу башкарууну жана органикалык продукцияны сертификациялоого даярдоо боюнча АРИС менен түзүлгөн келишимдин алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларга пилоттук токой чарбаларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, токой пайдалануучулар, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө АЛЗКнын эксперттери алдыда аткарыла турган иштердин негизги багыттарын тааныштырып, токойлорду башкаруунун учурдагы системасын, жыгач эмес токой продукциясын (ЖЭТП) пайдалануу тажрыйбасын, токой чарбалары менен токой пайдалануучулардын өз ара кызматташуусун, ошондой эле токой ресурстарын эсепке алуу жана пайдалануу боюнча колдонулуп жаткан ыкмаларды изилдешти.

Өзгөчө көңүл жер-жерлердеги абалды изилдөөгө жана кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүүгө бурулуп, алынган жыйынтыктар пилоттук токой чарбаларын жана ишканаларды сертификациялоого даярдоо боюнча талдоо жана мындан аркы иштерде колдонулат.