Кыргызстандын Улуттук жер коалициясы UNCCD Жибек жолу кербенинин эл аралык катышуучуларын тосуп алды. Делегация климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана жайыттарды туруктуу башкарууга көмөктөшүүчү жаратылышка негизделген чечимдер менен таанышты.
🌎🇰🇬 UNCCD Жибек жолу кербени Кыргызстанда! Кыргызстандын Улуттук жер коалициясы UNCCD Жибек жолу кербенинин эл аралык катышуучуларын тосуп алды. Сапардын алкагында коноктор БУУ ЕЭКтин колдоосу менен Ассоциация ишке ашырып жаткан «Кыргызстандагы жаратылышка негизделген чечимдердин артыкчылыктары» долбоорунун демонстрациялык аянтчасына барышты — @un_ece. Аянтчада катышуучулар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун жана жайыттарды туруктуу башкаруунун практикалык ыкмалары, ошондой эле жергиликтүү жамааттар менен экосистемалардын туруктуулугун жогорулатууда жаратылышка негизделген чечимдердин ролу менен таанышышты.
Бул сапар жерлерди калыбына келтирүү, жер ресурстарын туруктуу башкаруу жана жаратылыш ресурстарын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга багытталган маанилүү кадам болду.