2026-жылдын 30-сентябрында Ассоциациянын Байкоо кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
2026-жылдын 30-сентябрында Ассоциациянын Байкоо кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө Ассоциациянын ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды.
Күн тартибине мүчөлүк жөнүндө жобону өркүндөтүү, Ассоциацияга кабыл алуу тартибин жана мүчөлүк төгүмдөрүн жаңылоо, ошондой эле уюмдун мүлкүн башкаруу маселелери киргизилди. Ассоциациянын түзүмүн заманбап талаптарга жана өнүгүүнүн келечектеги багыттарына ылайык реформалоого өзгөчө көңүл бурулду. Байкоо кеңеши стратегиялык сунушту колдоп, кийинки отурумга түзүмдү жаңылоо боюнча планды даярдоону тапшырды.
Мындан тышкары, Ассоциациянын мүчөлөрүнүн бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү жана Координациялык-башкаруу кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча маселелер каралды.