2026-жылдын 4-8-августунда АРИС менен кызматташуунун алкагында токойду туруктуу башкаруу системасын жана органикалык продукцияны сертификациялоо боюнча долбоордун аналитикалык этабы өткөрүлдү.

2026-жылдын 4-8-август күндөрү АРИС менен кызматташуунун алкагында «Токойду туруктуу башкаруу системасын (анын ичинде токойдун жыгач эмес продукциясын) жана органикалык продукцияны эл аралык стандарттарга ылайык сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү» консультациялык кызматтары боюнча долбоордун аналитикалык этабы өткөрүлдү.
Долбоордун алкагында эксперттик топ Жалал-Абад жана Ош облустарында кызыкдар тараптар менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларга райондук мамлекеттик администрациянын, пилоттук токой чарбаларынын, «Кара-Шоро» мамлекеттик жаратылыш паркынын, Жаңгакчылык жана токой экосистемалары институтунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө токойду башкаруу системасынын учурдагы абалына, токойдун жыгач эмес продукциясын пайдаланууга талдоо жүргүзүлүп, ошондой эле пилоттук токой чарбаларынын токойду башкаруу боюнча сертификациядан өтүүгө жана бизнес-ишканалардын органикалык сертификацияга даярдыгына алдын ала баа берилди. Өзгөчө көңүл токой ресурстарын туруктуу пайдалануу маселелерине, кошумча нарк түзүүчү учурдагы чынжырларга, продукциянын көзөмөлдөнүү системаларына жана кызыкдар тараптардын муктаждыктарына бурулду.
Алынган жыйынтыктар аналитикалык отчетту даярдоого, сунуштарды иштеп чыгууга жана пилоттук токой чарбаларын жана ишканаларды эл аралык сертификациядан өткөрүүгө даярдоо боюнча долбоордун кийинки этаптарын ишке ашырууга негиз болот.