DMSOP долбоорунун алкагында 18-19-сентябрь күндөрү Чүй облусунун Панфилов районунда долбоордун бенефициарларына үй-бүлөлөрдү колдоого жана алардын бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган баштапкы топтомдор тапшырылды.

Топтомдорду берүү бенефициарларга көрсөтүлүп жаткан практикалык колдоонун жана алардын чарбалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө шарт түзүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

DMSOP долбоору жергиликтүү жамааттарды колдоону, үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана Кыргызстандын аймактарында туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү улантууда.

22-сентябрда Чүй облусунун Чүй районунда DMSOP долбоорунун алкагында бенефициарларга үй чарбаларын колдоо жана чарбалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү максатында баштапкы топтомдор тапшырылды.

Үй-бүлөлөр үчүн бул жөн гана зарыл болгон колдоо эмес, өз чарбасын бекемдөөгө, жеке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана бара-бара кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.