2026-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук органикалык айыл чарба күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

2026-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук органикалык айыл чарба күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Ассоциация DMSOP долбоорунун алкагында иш-чаранын уюштуруучуларынын бири катары катышты.

Конференциянын темасы: «Кыргызстандын органикасы — дүйнөлүк рынокко жол».

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, фермерлер, кооперативдер, кайра иштетүүчүлөр, экспорттоочулар, илимий мекемелер, жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Конференциянын алкагында төмөнкү маселелер талкууланды:

органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана мамлекеттик саясат;

тоолуу жана токой продукцияларынын экспорттук потенциалы;

Кыргызстандын органикалык продукциясын эл аралык рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү;

сертификация жана кепилдик системаларынын маселелери;

органикалык айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо;

органикалык секторду өнүктүрүүнүн эл аралык тажрыйбасы.

Тоолуу жана токой продукцияларынын экспорттук потенциалына жана органикалык өндүрүштүн негизинде туруктуу бизнести калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыт DMSOP долбоорунун ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу.

Иш-чара тажрыйба алмашуу, практикалык чечимдерди талкуулоо жана Кыргызстандын органикалык айыл чарбасын 2026-2027-жылдарга мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп берди.