2026-жылдын 30-сентябрында Ассоциациянын алдында, DMSOP долбоорунун алкагында түзүлгөн Кластерлерди өнүктүрүү боюнча Координациялык-башкаруу кеңешинин отуруму болуп өттү.
2026-жылдын 30-сентябрында Ассоциациянын алдында, DMSOP долбоорунун алкагында түзүлгөн Кластерлерди өнүктүрүү боюнча Координациялык-башкаруу кеңешинин отуруму болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө жыгач эмес токой продукциялары кластерлерин өнүктүрүү маселелери каралып, кластерлерди өнүктүрүү концепциясы жана 2026–2030-жылдарга карата Жол картасы, ошондой эле КБККнын 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш планы талкууланып, бекитилди.
Өзгөчө көңүл Жалал-Абад облусунун пилоттук токой чарбаларында жаңгак, мөмө-жемиштерди жана дары чөптөрдү жыйноону координациялоого, кайра иштетүүчү ишканалардын жана логистикалык борборлордун сезонго даярдыгына бурулду.
Ошондой эле кластерлердин ишинин жыйынтыктары, продукцияны экспорттоо жана ички рынокто сатуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана 2027-жылга карата кластерлерди өнүктүрүү планы каралды.