Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген аял ишкерлер жана жаштар бизнес-пландоо, каржыны башкаруу жана жеңилдетилген каржылоону тартуу боюнча практикалык билим алышты.
🍃 2026-жылдын 23–24-июнунда Манас шаарында DMSOP долбоорунун алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген аял ишкерлер жана жаштар үчүн бизнес-пландоо жана финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү. 📑 Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар бизнес-пландарды түзүү, каржылык пландаштыруу, кирешелерди, чыгашаларды жана бизнестин кирешелүүлүгүн эсептөө, ошондой эле каржылоону тартуу үчүн долбоордук сунуштарды даярдоо боюнча практикалык билим алышты. 📊 Тренингди DMSOP долбоорунун каржы менеджери Төөлөс Бостонбаев жана «Асыл Жер-Токой» микрокредиттик агенттигинин (МКА) адистери өткөрүштү. Алар натыйжалуу бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген каржылоону алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Окутуудан кийин катышуучулар бизнес-пландарын тандоо комиссиясынын кароосуна тапшырышат. Эң келечектүү долбоорлор бизнести баштоо же кеңейтүү үчүн «Асыл Жер-Токой» МКАсынан жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.