DMSOP долбоорунун алкагында Бизнести өнүктүрүү жана экспортту илгерилетүү борбору ишкерлерге, кооперативдерге жана жергиликтүү өндүрүүчүлөргө маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүүдө.
DMSOP долбоорунун Түштүк аймактагы Бизнести өнүктүрүү жана экспортту илгерилетүү борборунун адиси Мирлан Мурзакулов ишкерлерге, кооперативдерге жана жергиликтүү өндүрүүчүлөргө маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүүдө.
Борбор тарабынан «Асыл Жер-Токой» микрокредиттик агенттигинин ишмердүүлүгү, каржылык колдоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле окутуу жана бизнести өнүктүрүү боюнча консультациялык кызматтар тууралуу маалымат берилүүдө.
Мындан тышкары, «Сейдикум Био» кооперативинин мүчөлөрүнө продукцияны экспорттук рынокторго чыгаруу, сапат талаптарын сактоо, сертификациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча консультациялар өткөрүлдү.
Борбор ошондой эле жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүүгө жана туруктуу кошумча нарк чынжырларын түзүүгө көмөк көрсөтүүнү улантат.