Ассоциация Жайыттардын жана малчылардын эл аралык жылынын максаттарын колдоп, жайыттарды калыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда.
🇺🇳 2026-жыл Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Жайыттардын жана малчылардын эл аралык жылы деп жарыяланды. Бул жайыт экосистемаларын сактоонун, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруунун жана жергиликтүү жамааттарды колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
🇰🇬 Ассоциация бул максаттарга жетүүгө жаратылышка негизделген чечимдерди (Nature-Based Solutions) киргизүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, жайыт экосистемаларын калыбына келтирүүгө жана жергиликтүү жамааттардын дараметин чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу салым кошууда.
Улуттук жана эл аралык демилгелерге жигердүү катышуу менен Ассоциация туруктуу жер пайдалануу жаатындагы заманбап ыкмаларды жайылтуу жана айыл аймактарынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн тажрыйбаны, билимди жана өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрдү бириктирет.
🌎 Алдыда дагы бир маанилүү иш-чара бар: Жаш малчылардын эл аралык жайкы мектеби. Ал жайыттарды туруктуу башкаруу жаатында билим, тажрыйба жана жаңы ыкмалар менен алмашуу үчүн катышуучуларды Жаңылыктарыбызга көз салып туруңуздар! 👍